Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Б. Мамбетов: Өзбекстанга теңата мамиле зарыл


“Өзгөчө газ сатып алуу маселесине келгенде кыргыз бийлиги суу-энергетика маселелерине байланыштырып, Өзбекстан менен теңата сүйлөшпөсө, көгүлтүр от көйгөйү чечилбей кала берет,” деген пикирин Кыргызстандын “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстан жылыга өзбектерден 300 млн. метр куб газ сатып алат, ал эми Өзбекстан өзү жыл сайын 50 млрд. метр кубдун айланасында газ өндүрөт. Базарбай Мамбетовдон алынган маалыматка ылайык Өзбекстан жакында эле Казакстан менен 2009-жылга 3 млрд. метр куб газ сатуу боюнча келишим түзүп, анда көгүлтүр оттун миң кубун 84 доллардан баалашкан. Муну негиз кылган адис газ маселесин өзбек бийлиги менен Кыргызстандын президенти же өкмөт башчысы сүйлөшүп, чечүүгө тийиш, деп эсептейт.

Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр отун үчүн 19 млн. доллар карыз. Анын ичинен 4,6 млн. доллары төлөнгөнү кабарланууда. Буга чейин газ меселеси боюнча расмий Ташкен менен сүйлөшүүлөрдү энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри И. Давыдов менен “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси С. Айтикеев жүргүзүп келишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG