Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Иран Пакистандан жардырууга жоопкерди берүүнү талап кылат


Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында кечээ жасалган жардыруудан жалпысынан 42 адам, анын ичинде өлкөнүн элиталык аскерий бөлүгү – Революциянын сакчылар корпусунун беш колбашчысы каза тапкан эле. Тегарандык расмий өкүлдөрдүн ырастоосунда, суниттердин мына ошол жардыруунун артында турган “Жунадалла” (“Алланын аскерлери”) деген тобунун лидери Абдолмалек Рижи Пакистанда жашырынып жүрөт. Тегаран Исламабаддан аны өткөрүп берүүнү талап кылары жөнүндө бүгүн Революциянын сакчылар корпусунун командачысы билдирди. Генерал Мохаммад Али Жафаринин ошондой эле бүгүн кечээги кол салууну Пакистан, АКШ жана Британиянын чалгын кызматтары менен байланыштырды жана “жооп чаралар” көрүлөрүн белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG