Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Михаил Горбачев Орусиядагы демократияны “мыскыл” деп атады


СССРдин акыркы лидери бүгүн өзү жарым –жартылай ээлик кылган “Новая газетада” жарыяланган интервьюсунда белгилегендей, Орусиядагы шайлоо азыр “мыскылга” айланды. Михаил Горбачев бул тууралуу премьер- министр Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы ушул айдагы жергиликтүү шайлоолорду жеңип, бирок анын арты добуштардын бурмалангандыгы туралуу айыптоолор жана парламент жыйынын оппозициядагы үч партиянын бойкотоосу менен коштолгон соң айтты. Горбачев акыркы кездерге чейин Орусиянын азыркы жетекчилеринин саясатына сын айтуудан этияттанып келчи. Анын пикиринде, Орусияда шайлоо системасына карата ишенбөөчүлүк жана апатия элдин шайлоо бекеттерине жөн эле келбей коюшуна алып барат.

XS
SM
MD
LG