Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Нарындыктар электр акысы кымбатташына нааразы


2010-2012-жылдарга электр кубаты боюнча тарифтик саясат тууралуу коомдук угуу Нарын облустук М. Ырыскулов атындагы академиялык драма театрында өттү. Жыйында өлкөнүн өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин башкы адиси Марат Чолпонкулов өткөн жылда электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 18 тыйын болгондугун билдирип, натыйжада келерки жыл башынан тарта калкка электр наркын 1 сомго чыгаруу керектигин маалымдады. Жыйынга катышкан бир катар жарандар болсо дароо эле мындай кабарды кабыл алышпастыктарын айтып чыгышты. «Электр наркынын мындай баасын калк катмары көтөрө албайт жана кышы 6 айга созулган Теңир-Тоо жергесинде мындай баа саясаты элдин мындан ары карай кедейленүүсүнө алып келет»,- деп белгилешти эл арасынан чыгып суроо берген айрым жарандар. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG