Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Анда АКШ, Франция, Орусия жана МАГАТЭ уюмунун өкүлдөрү Иран тарап менен анын аз байытылган уранын өзөктүк реактордо колдонууга жарай тургандай кылып, жогорку деңгээлде байытуу үчүн башка өлкөгө жөнөтүү боюнча мурдагы жолугушууда айтылган сунуштун чоо-жайы талкуулайт.

Тегерандын айтымында, ага үчүнчү тараптын уран байтып берүүсү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, бул ишти ал өзү уланта берет. Өлкөнүн Атом энергетикасы боюнча мекемесинин маалымат катчысы Али Ширзадиан бул тууралуу Венадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алдында билдирди.

Байытылган уранды өзөктүк отун, ошол эле учурда өзөктүк курал жасоо үчүн колдонууга болот. Батыш Иран тынч мүнөздө деп ырастаган өзөктүк программасына жаманып алып өзөктүк курал жасайбы деп тынчызданып келүүдө.

XS
SM
MD
LG