Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Иран кечээги жардыруу үчүн АКШ, Британия, Пакистанды айыптады


Ирандын түштүк –чыгышындагы Систан –Белужистан провинциясында кечээ жанкечти жасаган жардыруудан жалпысынан 42 адам, анын ичинде өлкөнүн тандалма аскерий бөлүгү – Революциянын сакчылар корпусунун беш колбашчысы да каза тапкан эле. Тегарандык өкүлдөрдүн ырастоосунда, ошол жардыруу үчүн суниттердин “Жундалла” (“Алланын аскерлери”) деген тобу жоопкерчилик алды. Революциянын сакчылар корпусунун командачысы, генерал Мохаммад Али Жафаринин билдиргенине караганда, ал топтун учурда Пакистанда жашырынып жүргөн жолбашчысы Абдолмалек Райжи менен Пакистанга катарлаш АКШ, Британиянын да чалгын кызматтарынын байланышы бар. Иран генералы кошумчалгандай, “Жундалла” тобунун башчысын өткөрүп берүү талабы менен Тегерандын делегациясы Исламабадга барат. Иран айыптаган үч өлкө болсо анын дооматын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG