Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтчүдөй


Добуш берүүнүн жүрүшүндөгү укук бузуулар боюнча арыз-даттанууларды иликтеген, Улуттар уюму колдогон комиссия өз тыянагын шайлоодон дээрлик эки айдан кийин бүгүн жарыялады. Шайлоо 20-августа болгон эле. Кабулдан түшкөн кабарларга караганда, комиссия миңдеген же 210 шайлоо бекетинде берилген добуштарды жараксыз деп тапкан. Комиссиянын отчету ооган президенти Хамид Карзай менен анын башкы атаандашы, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулаа Абдулланын ортосунда шайлоонун экинчи айлампасы талап кылынгандай жагдай жаратып жатат.

Шайлоонун талаш туудурган баштапкы санагы боюнча Карзай 54%дан ашуун добуш алып, алдыга чыккан. Башкы атаандашы Абдула Абдулла 28% добуш топтогон эле. Укук бузууларды даттануу комиссиясы иликтегени менен экинчи айлампаны өткөрүү же өткөрбөө боюнча расмий чечимди Көз карандысыз шайлоо комиссиясы кабыл алат.

Бул аралыкта Democracy International деп аталган көз карандысыз америкалык уюмдун билдиргенине караганда, даттануу комиссиясынын тыянактарынан кийинки эсептер Хамид Карзайдын добушу 48%га түшкөнүн, ал эми Абдулла Абдулланыкы 32%га чыкканын көргөзүүдө. Кайсыл бир талапкер 50%дан ашуун добуш топтой албаса, мыйзам боюнча шайлоонун экинчи айлампасы талап кылынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG