Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Гезит редактору жыйында уктаганы үчүн сөгүш алды


Түркмөнстандын “Берекетли топрак” (“Берекелүү топурак”) гезитинин баш редактору президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү төрагалык кылган 14-октябрдагы өкмөттүк жыйында үргүлөп кеткени үчүн сөгүш алды. Бекмырат Какагелдиев аттуу редакторго берилген бул сөгүш жергиликтүү басма сөз басылмаларынын жетекчилеринин өткөн аптада атайын чакырылган жыйналышында расмий жарыя кылынган. Сөгүш премьер-министрдин орун басары Майса Йазмухамедова тарабынан берилген. Бул тууралуу маалымдаган “Азаттыктын” Түркмөн кызматы Какагелдиев мырза “өкмөттүк жыйындардын эрежесин бузган” деп сынга алынганын да кошумчалайт.
Бекмырат Какагелдиев 2008-жылдын 23-декабрында президенттин жардыгы менен бул кызматка дайындалганга чейин “Эдебият ве сунгат” (“Адабият жана өнөр”) гезитинин редакторунун орун басары кызматын аркалап келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG