Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

МАГАТЭ: Иран менен сүйлөшүү жакшы жүрүүдө


Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик – МАГАТЭнин – башчысы Мухаммад Эл Барадей кечээ Венада башталган сүйлөшүү жакшы башталганын айтты. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Тегерандын расмий өкүлдөрү менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшкөн. Эл Барадей талкууда бир топ “техникалык маселелер” чечилгенин кабарлады. Сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылат. Батышта айрым мамлекеттер Иранды атомдук курал жасаш үчүн уран байытып жатат деп сындашууда. Расмий Тегеран уранды жайчылык максатта гана отун өндүрүш үчүн байытып жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG