Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Өкмөттө өзгөрүү көп


Мамлекеттик башкаруу боюнча президенттин бүгүнкү жарыясында айтылгандай айрым министрликтер жана мамлекеттик агенттиктер жоюлуп, алардын кээ бир милдеттери башка кызматтарга жана министрликтерге өткөрүлүп берилди. Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн курамынан чыгарылып, президенттик институттун курамына кирди. Өкмөттүн курамында: каржы министрлиги, адилет министрлиги, коргоо министрлиги, ички иштер министрлиги, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, энерегетика министрлиги, экономикалык жөндөө министрлиги, айыл чарба министрлиги, жаратылыш ресурстары министрлиги, транспорт жана байланыш министрлиги, мамлекеттик мүлк министрлиги, саламаттыкты сактоо министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги, эмгек, калкты иш менен камсыздоо жана миграция министрлиги болот. Маданият жана маалымат министрлиги жоюлду.

Мындан тышкары өкмөттүн алдында монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, социалдык жактан камсыздоо агенттиги, байланыш агенттиги, дене тарбия жана спорт агенттиги, архитектура жана курулуш агенттиги жана маданият агенттиги болот.

Ошондой эле жазык аткаруу кызматы, каржылык чалгындоо кызматы, чек ара кызматы, салык кызматы, бажы кызматы, каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы да өкмөткө карайт. Булардан тышкары мамлекеттик материалдык резерв фонду жана милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду да мындан ары өкмөттүн курамында болот.

Кыргыз өкмөтүнүн курамынан каржы полициясы кызматы чыгарылыр, мамлекеттик каржы полициясы болуп атала турган болду. Мындан тышкары патенттик кызмат да чыгарылып, интеллектулдык жөндөм боюнча мамлекеттик кызматы болуп түзүлдү.

Мамлекеттик бардык комитеттер жоюлду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат болуп аталмай болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG