Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Сөз эркиндиги жаатында Кыргызстан арткы орундарда


Буга журналисттерге кол салуулардын көбөйүшү, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөрдүн күчөшү, мунун айынан көптөгөн кабарчылардын чет мамлекеттерге башпаанек сурап кетип жатканы себеп, деп айтылат “Чек арасыз репортерлор” эл аралык уюмунун жылдык отчетунда. Анда белгиленгендей Кыргызстанда 2009-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоо бир жактуу чагылдырылган, ал эми шайлоо өнөктүгүн, добуш берүүнү акыйкат чагылдырууга аракеттенген маалымат каражаттарына бийлик тарабынан катуу кысым болгон.

Отчеттогу маалыматка ылайык Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында быйыл былтыркыга караганда 15 орунга кетенчиктеген.

Сөз эркиндиги жаатында артка кеткен өлкөлөр негизинен постсоветтик республикалар. Кыргызстандан кийин Казакстан 142-орунда, Орусия 153-орунда, Өзбекстан 160, Түркмөнстан 173-орунда турушат. Булардын мурдагы союздашы Грузия гана 81-орунга чыккан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG