Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Пакистандын күчтөрү Түштүк Вазирстандагы чабуулун улантууда


Өлкөнүн коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, аскерий учактар жана артиллерия колдогон жоокерлер кечээ кечинде Түштүк Вазирстандын Коткай деген шаарчасын ээлешкен. Талибандын таяныч бекети катары эсептелген Түштүк Вазирстанды алардын жана “ал-Каиданын” базаларынан тазалоо операциясын Пакистан армиясы өткөн ишембиде баштаган эле. Армиянын ырастоосунда, андан бери 78 согушкер жок кылынды жана тогуз жоокер каза тапты. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Пакистандын аракетин кубаттады, бирок Түштүк Вазирстандагы операциянын таасири жөнүндө айтуу азырынча эртелик кыларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG