Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Кызыл чырым: Ачарчылык көрүнүштөрү Евробиримдикте да бар


Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык федерациясынын жаңы жарыяланган иликтөөсүнө караганда, азык –түлүк сатып алуу Евробиримдиктин Испания, Италия жана башка өлкөлөрүндө көйгөйгө айланган учурлар бар. Мисалы Испанияда Кызыл чырым 500 миң адамга жеткидей азык-түлүк таратууда. Исландияга да азык –түлүк жана кийим –кечээ түрүндө жардам берилген. Атуулдардан “карыздарын жана электр кубаты, башка коммуналдык кызматтар боюнча чыгымын төлөө үчүн накталай акча түрүндө жардам сураган өтүнүчтөр” көбөйгөнүн Кызыл чырымдын Европанын башка бир катар өлкөлөрүндөгү бөлүмдөрү да белгилешкендей. Ушундан улам Кызыл чырым экономикалык кризис алып келген көйгөйлөр жана ачарчылыктын көрүнүштөрү Евробиримдикте да бардай деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG