Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Президент Медведев Белградка 1 млрд евро менен келди


Россия президенти басчу килем акыркы ирет кылдат шыпырылууда. Белград.
Россия президенти басчу килем акыркы ирет кылдат шыпырылууда. Белград.

Москва Сербия менен болгон мамилесин бекемдөөдө. Россия президенти Медведев шейшемби күнү Белгардга ырасмий визит менен келди. Визит учурунда Сербияга 1 миллиард евро кредит берүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

1 миллиард евро каржыга муктаж Сербияга бюджеттин кемтигин жабууга жана инфраструктурасын каржылоо үчүн өтө чоң акча. Карыз акча Белгардка Эл аралык валюта фондунун шартын аткарып, 3 миллиард евро кредитин алууга мүмкүндүк да берет.

Сербия өз багытын тынбай өзгөртүп турат... Бул өтө опурталдуу саясат.
В. Глигоров



Сербиянын президенти Борис Тадич(солдо) жана Россия президенти Дмитрий Медведев. Белгард. 20-октябрь 2009-ж.
Россия президенти Белградга сегиз саатка келгенине карабай, Сербиянын коопсуздук күчтөрү этияттык чараларын катуу көрдү. Ордо шаарда коопсуздуку 6 миңдей полиция кызматкери камсыздады. Бул бир жагынан Дмитрий Медведев 1 миллиард евро кредит алып келгенге байланыштуу болсо, экинчи жактан Медведев Белгарддын нацисттик Германиянын жоокерлеринен советтик аскерлер менен югослав партизандары бошотконун майрамдоого келген Россиянын биринчи президенти.

20-октябрда Белграддын фашисттик баскынчылардан бошотулганына 65 жыл толду.

Сербия Евробиримдикке кирүүгө өжөрлөнө аракеттенип жатканы менен Россиянын кучагына да тартылууда. Өзгөчө, Россиянын газына көзкаранды болуп барат. Былтыр Россиянын өкмөттүк “Газпром” компаниясы Сербиянын мунай компаниясы NISтин акцияларынын 51 процентин сатып алган. Натыйжада, Россия 2011-жылга чейин Сербиянын газ
Сербиялыктар президент Медедевдин сүрөтүн жана Россиянын туусун көтөрүп турушат. Белгард. 20-октябрь.
рыногундагы башкы оюнчуга айланган.

Балкан боюнча талдоочу Владимир Глигоровдун “Азаттык” радиосуна айтышынча, Белград айрыкча Россиянын Косово маселесинде Сербиянын тарабын алганына ыраазы жана өзүн Москванын алдында милдеткер сезет:

-Сербия өз багытын тынбай өзгөртүп турат. Бир жагынан Косовону колдон чыгаргысы келбейт да, экинчи жактан Евробиримдикке мүчө болууну каалайт. Ошондуктан, өз союздаштарын да дембе-дем өзгөртүп жатат. Бул өтө опурталдуу саясат.

Президент Медведев Сербияга коңшулаш Босния-Герцеговина 1992-95-жылдардагы Балкан согушунан берки өтө катаал саясый кризисти баштан кечирип жатканда келди.

Дүйшөмбү күнү Босниядагы Серб Республикасынын жетекчилиги Босния-Герцеговинанын Европа Биримдигине жана НАТО тез кошулуусуна өбөлгө түзчү реформанын долбоорун конституцияга каршы келет деп, четке какты. Долбоорду Евробиримдик жана АКШ даярдаган эле. Биримдик менен Кошмо Штаттардын өкүлдөрү Босниядагы саясый кырдаалды татаалдантып, региондогу абалга тескери таасир этчү туңгуюктан чыгуунун жолун талкуулоо үчүн дүйшөмбү күнү Босниянын байтакты Сараевого келишкен.

Босниядагы Серб Республикасынын премьер-министри Милорад Додиктин билдиришинче, Босния сербдери АКШ-Евробримдик сунуш кылган реформалоо планын “Дейтон келишимине ылайык келбейт, саясый жактан натуура сүйлөшүүгө негиз болуп бере албайт”, деп эсептейт. Сунуш али коомчулукка жарыялана элек. Босниянын маалымат булактарынын билдиришинче, реформанын максаты федералдык өкмөттүн жана президенттик үч илтиктин бийлигин күчтөндүрүү, борбордук парламенттин депутаттарынын санын көбөйтүү жана добуш берүү жараянын жеңилдетүү.

XS
SM
MD
LG