Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

"Ыңгайсыз суроолор": Кышка даярдык кандай?


«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүндө кышка даярдык, отун-энергетика маселелери талкууланды.

Көрсөтүүгө Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев чакырылган эле, бирок ал келерин убада кылып коюп, эки саат калганда баш тартты.

Көрсөтүүгө эксперт катарында катышкандар:

Бакыт Төрөбаев

Жогорку Кеңештин мүчөсү,

«Ак жол» фракциясынын мүчөсү




Базарбай Мамбетов,

мурдагы вице-премьер министр,

Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти




«Азаттык”:
- Менин биринчи суроом кыска, кышка даярдык кандай болуп атат?

Бакыт Төрөбаев: - Биз өткөн жумада парламенттик угууну, өкмөт саатын уктук. Ошол жерде Өмүрбек Бабанов бизге маалымат берди. Газ боюнча баарыбызга эле белгилүү болуп турат. Энергетика боюнча азыр белгилүү болуп атат, Токтогул суу сактагычы боюнча, лимит боюнча айтылып кетти, түнкү сааттарда эле өчүрүлөт деп. Азыр ар бир регион көмүр менен камсыз болду, мектептер ушул маалда 50 пайызга камсыз болду. Бирок калган 50 пайызын дагы толуктайбыз деп алар убадасын беришти. Ал жерде каржы маселеси боюнча кичине кыйынчылыктар болуп калды. Ал чечилсе эле калганы чечилет. Эмне үчүн дегенде, бүт айыл өкмөттөрдө тендер өттү, каржы маселеси чечилсе эле калган маселелер чечилет.

«Азаттык»: - Базарбай мырза, “Кыргызгаздын” жетекчилиги жана аталган министрликтин жетекчиси Иляс Давыдов баштаган делегация Ташкенде жүрөт. Жыл сайын эле акыркы жылдарда кыш жакындаганда газ маселеси келип чыгып атат. Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште маалымат бергенде Кыргызстан Өзбекстанга жаратылыш газы үчүн 20 млн. доллардын тегерегинде карыз экенин айтып кетти. Ошонун 14 млн. доллары жоготуулар деди. Акыбалдан кантип чыкса болот?

Базарбай Мамбетов: - Бул жерде жашырбай эле айта кете турган сөз, Өзбекстандан келип аткан жаратылыш газына биз ээ болушубуз керек. “Кыргызгаздын” мүлкүнө дагы чарбалык көз менен карап, тартипти келтирип, так башкаруу азыр керек болуп турат. Эмне дегенде, жылдан жылга эле өзбектерге болгон карызыбыз 20 млн. болуп, эптеп 2-3 миллионун төлөйбүз. Андан башка дагы Казакстандын “Газтрансгаз” деген компаниясы бар, ага дагы биз 20 млн. доллар карызбыз. Ал карыздардын баары эч жерден жабыла турган эмес. Себеби келип аткан газга өзүбүз ээ болбой, ар ким уурдап атат. Түтүктөр кайдан өтөт, аларды кандай кылып ремонттошубуз керек, кимдер уурдап атат, ушулардын баардыгын биз аягына чыгып тактап алмайын, биздин газ боюнча проблемабыз дайыма эле көбөйө бере турган.

Экинчиден, бул газ Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эң эле негизги эл аралык байланыштардын бири болуп турбайбы. Ошондой чоң маселелерди биз 3 жылдан бери Иляс Давыдовду жана башкаларын сүйлөшүп кел деп жиберип атабыз. Алардын баардыгы Өзбекстан жакты канаттандырбайт. Алар биздин өкмөт башчысы, биздин өлкө башчысы менен сүйлөшкүлөрү келип атат. Анткени биз алып аткан 350 млн. куб жаратылыш газы бир жылда өзбектер үчүн эч кандай проблема түзбөйт. Себеби өзбектер жылга 56 млрд. газды өзүнүн аймагынан жердин алдына чыгарып атат. Кептин баардыгы ошол Өзбекстандын бийлиги менен татыктуу деңгээлде сүйлөшүп, жакшы макулдашып чечсе, Каримов эч качан баш тартпайт эле деп ойлойм.

Ошол туура эмес сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында дагы бизге берип аткан газдын басы 240 долларга чыгып кетпедиби миң кубу. Ошол эле түтүк менен келип жаткан казактарга берип аткан газ, казактар менен кыргыздар бир эле түтүктөн алабыз, ошонун диаметри 720 мм. Бул Бухара газ району – Ташкент-Чимкент-Тараз-Бишкек деген бар да. Казактарда быйыл 3 млрд. кубга булар келишимге кол коюп берген, баасын 84 доллардан эсептеп. Бизге болсо 240 доллардан берип атат. Булардын баардыгын биз элден жашырбай, коомчулукка туура түшүндүрүп айтышыбыз керек. Эмнеден ушул маселелердин баары келип чыгып атат, кептин баардыгы өзбектер менен сөз таап, жогорку деңгээлде сүйлөшүп чече турган эле маселе.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, азыр олуттуу маалыматтар айтылды, баасы жагынан, көлөмү жагынан алганда кыргыздар өтө эле уттурган келишимдерге кол коюп атыптырбыз жыл сайын. Ушул акыбалдан чыгуунун жолу катары өкмөт соңку кезде Кыргызгазды менчиктештирип, мындайча айтканда Орусиянын энерго компанияларына бериш керек деп. Азыр ушул иштер жүрүп атат. Сиздин оюңузча биз туура чечим кабыл алдыкпы? Ошол Орусиянын компаниялары “Кыргызгазга” келсе, мисалы “Газпром” келсе, ушул маселе оң чечилеби?

Бакыт Төрөбаев: - Газ маселеси боюнча, “Узгазтранс” бизге газ берип атат, сөз жок ага акча төлөп бериш керек. Кандай болсо дагы булар бизге берди, бул биринчиси. Экинчиси, бул жерде жоготуу боюнча айтып атпайбы, ушул жоготуу жагын дагы караш керек. Сиз айтып кеттиңиз, 20 миллиондон 13 миллиону жок болуп кетти деп. Ал жерде кандай жоготуу болуп атат, ушул жагын караш керек. Эми өкмөт «Газпром» менен сүйлөшүү жүргүзүп, биздин “Кыргызгазды” ал жакка берели деген сүйлөшүү болуп атат. Менин өзүнчө бир оюм бар, жыл сайын эле бул маселе чыга берет. Мен ойлоп атам, бул жерден газдан кетип, электрофикацияга өтүшүбүз керек. Ар жылы акча төлөй беребиз газга, ар жылы карыз боло беребиз. Ошону токтотуш үчүн өкмөт тарабынан болобу, же башка булактарды таап, биз толугу менен электрофикацияга өтсөк, энергоресурстар бар бизде, ошондо бул маселелерден чыгып кетебиз деп ойлойм.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, мен сизге дароо суроо берейин, өткөн аптада Камбар-Ата-1 жана -2 ГЭСтери боюнча мыйзам кабылдадыңыздар, президент кол койду. Ага ылайык Камбар-Ата-2 ГЭСин күрөөгө коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыр өнүктүрүү фондусу деген бар Алексей Елисеев жетектеген. Ошолор Орусиядан келген 300 млн. доллардын 100 млн. долларын бериш үчүн ушундай шарт койду, парламент аны аткардыңыздар, өкмөт, президент аны аткарды. Камбар-Ата ГЭСи өлкөнү, сиз айткандай, жалпы электрлештирүү маселесин чечеби?

Бакыт Төрөбаев: - Чечет. Эгерде биз Камбар-Ата-1, Камбfр-Ата-2ни курсак, биз энергетикалык жактан кубаттуу өлкөлөрдүн бири болобуз. Эмне үчүн дегенде, бул жерде Камбар-Ата-1 курулуп калса, бул бир жарым эсе чоң ГЭС. Токтогул ГЭСи 1200 мегаватт кубаттуулукта болсо, Камбар-Ата-1 1900 мегаватт болот. Бир жагынан энергия, экинчи жагынан бул жерде суу маселеси да бар.

«Азаттык»: - Базарбай мырза, ушул маселе боюнча сиздин оюңуз кандай?

Базарбай Мамбетов: - Биз Камбар-Ата-1-2ни эмне болсо да, кылчактабай туруп, канча акча турса да курушубуз керек. Ошон үчүн кандай аракет кылсак дагы биздин эл, коомчулук ага каршы турбаш керек. Жанагы Өнүгүү фондуна келген акча, Орусиянын берген 300 млн. жөнүндө сөз болуп атат. Алар жөнүндө сөз кылбай эле, биздин негизги маселе кантип Камбар-Ата-1 менен 2ни эртерээк куруп алышыбыз керек, ошону ойлонуу кажет. Ошондо гана биз энергетикалык көз карандылыктан өтөбүз, чыгабыз. Бакыт туура айтып атат, биздин газыбыз жок болгондон кийин биз сөз жок, кийин бүт баардыгын эле электр энергияга өткөрүшүбүз керек. Оокат бышырганды дагы, жылуулук алып келгенди дагы, ысык сууну дагы электр энергияга өткөргөнгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн биз Камбар-Ата ГЭСтерин курушубуз керек. Керек болсо ошону биз улуттук идея кылып алып туруп, аны курушубуз керек.

«Азаттык»: - Сиздер жакшы маселени айтып атасыздар. Бирок ошол эле убакта энергетика тармагындагы, биздин Нарын каскадындагы ГЭСтер өндүрүп чыккан электр энергиясынын өзүнүн жоготуусу 35-40 пайыздын тегерегинде болуп жүрөт го дейм.

Базарбай Мамбетов: - Азыр 23 пайызка түштү.

«Азаттык»: - Ошол жоготууларды бир топ тыйса эле жаңы ГЭС куруп деле зарылчылыгы жок деген пикирлер бар. Бул канчалык жөндүү?

Базарбай Мамбетов: - Бул жерде техникалык жоготуу деген бар да. Бизде бүт трансформаторлор, линиялар союз маалынан калган. Бизде өзүңүз билесиз, үйлөр көбөйүп атат. Ошолорго жетише албай, техникалык жоготуу көбөйүп атат. Анан коммерциялык жоготуу азайып атат, ар жылы кетип атат. Себеби бул жерде иш алып барып атышат, электр эсептегичтерди коюп атышат. Бул жерде техникалык жагынан да караш керек, трансформаторлорду, линияларды. Трансформаторлорду жанылап, кубаттуулукту көбөйтүш керек. Камбар-Ата-1-2ни керек эмес деп айтып атасыз. Токтогул ГЭСтен 2-500 киловольт, бирөөсү Фрунзенскийге кетет, бирөөсү Лачин - Өзбекстанга түз кирип кетет. Ошол азайтып атпайбы, Датка-500 деген подстанция куралы, Ошол Лачиндин линиясын Датка-55гө киргизели деп.

«Азаттык»: - Өткөн аптада өкмөт башчы Игорь Чудиновдун Кытайга визити болду. Ошонун маалында айтылып атат, маалыматтарга караганда Кыргызстандын “Улуттук электр станциялар” акционердик коому менен Кытайдын Тийа деген компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду дейт. Ага ылайык Датка-Кемин деп аталган 500 киловатт сааттык жогорку чыңалуудагы линия курулушу ыктымал деп атат. Дагы бир маселе 15-октябрдан тартып Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык системадан чыгышы ыктымал деген маалыматтар айтылып атат. Балким чыкты болуш керек. Тилекке каршы, эгер Акылбек Түмөнбаев болсо мен сурайт элем, менде акыркы маалыматтар жок. Ушул акыры эмнеге алып келиши мүмкүн Кыргызстан үчүн?

Базарбай Мамбетов: - Бул жөнөкөй маселе эмес. Бул жерде саясий чайкоочулук кылып да кереги жок. Мен билем, эки ай мурда Өзбекстандын энергетиктери биз Новоангренск деген ГЭСти эксплуатацияга бердик дейт. Анын кубаттуулугу 800 мегаватт экен, ошону бергендиктен биз Токтогул каскадынан чыгып аткан Бакыт айткан 500 киловольт болгон Борбордук Азиянын энерго системасына кетип аткан линияны биз үзөбүз деп атат. Үзгөндө дагы жанагы Датка деген подстанциядан үзөбүз деп атат. Бирок кийинки маалыматтарга караганда өзбектен андай деп биз официалдуу саясий билдирүү кылган эмеспиз деп атат. Ал энергосистемадан чыккан бизге эч кандай пайда алып келбейт, зыяндан башка деген сөздөрдү айтып атышат.

Ошондуктан биз аябай бул жерде акырындык менен абдан этият мамиле кылышыбыз керек. Бирок билинип калды, биз мурда эле Даткадан бери көздөй Өзбекстан, Казакстанга кетип аткан Борбордук Азия линиясын 2-3 жыл мурда эле курганда болмок экен. Эмне дегенде биз Камбар-Ата-1 куруп бүткөндө деле анын электр энергиясын ошол линия менен Кеминге, Кеминден ары Ысык-Көл, андан ары Казакстандын түштүгүнө беришибиз керек болчу. Казактар ошого макул болгон. Өзбектердин ошондой кылаарын билип биздин энергетиктер мурда эле аракет кылса, ошого акча тапмак экенбиз.

Эми азыр казактар менен кыргыздар ошону аябай эртелетип куралы деген сүйлөшүүлөр болбодубу 2-3 жолу. Баягыда Масимов келгенде да ошол жөнүндө сөз болду. Ошол 500 киловольт деген линияны Даткадан бери көздөй кайрыш керек, ошону Камбар-Атанын үстүнөн өтүп, Кеминге алып келип, подстанция куруп, ошонун баардыгына 1 млрд. доллар акча керек экен. Эгерде кытайлар ошого кредит берсе, алар мурда эле беребиз деп жүрүптүр, куруп беребиз десе ошого макул болуш керек. Эмне дегенде ал линия бизге кийин Камбар-Ата-1ди куруп бүткөндө да керек.

«Азаттык»: - Сиз айткандай, Иляс Давыдов дагы парлменттеги сөзүндө билдирди, эгерде Датка-Кемин курула турган болсо ошол Камбар-Ата ГЭстеринин жанынан өтүш керек, Камбар-Ата ГЭстер аркылуу бериш керек деп. Сиздин пикириңиз кандай ушул маселе боюнча?

Бакыт Төрөбаев: - Датка боюнча маселе 1999-2000-жылы көтөрүлгөн. Ошол маалда көңүлгө албай коюшкан. Датканы куруш керек. Эмне үчүн дегенде, мурда союз маалында Токтогул ГЭСтен, Күрпсай ГЭСинен чыгып атканда электр линиялар Өзбекстан жакка кирип кетип атат. Өзбекстан жакка кирип кеткенден кийин ал жакта өзбектер баланс кылышат, алар канча киловатт киргизсе, Баткен, Ошко ошончо киловатт беришет. Анан түндүк жактан Ташкен жактан да беришет Фрунзенский подстанция жактан. Эмне үчүн дегенде бизде Фрунзенский линияга 500 киловольт жетпейт. Бул жерде эгерде мисалы, алар айтып атпайбы бирдиктүү энергосистемадан чыгып кетсек, анда бизде Ош менен Баткен жакта кичине кыйынчылык болуп калат. Бул жерде Датка курулуп калса, анда Куршаб-Өзгөн аркылуу биз аркы түштүк жакты камсыз кылалабыз. Бул жактан Кемин жакка линия курулуп калса, бул жактан түндүк жакты кошумча камсыз кылалабыз.

«Азаттык»: - Ушул Ташкен мындай талап коюп атат деп айтып атат, бул маалымат Казакстандын өкмөтүнөн алынган маалыматтардын бири. Негизи жалпы бирбиз да Өзбекстан, Казакстан. Алардын айткан маалыматына караганда, Өзбекстандын энерго системасын колдонгон үчүн Кыргызстан Өзбекстанга 50-70 млн. доллар акча талап кылып атат деген маалымат бар. Анан эми муну куруш керек деди. Сиз бир миллиард доллардын аржак-бержагын айтып атасыз. Акча кайдан табылат?

Базарбай Мамбетов: - Бул өзү абдан рентабелдүү проект. Буга сурасак көп өлкөлөр эле беребиз деп айтат, Европалык банк деле берет. Кытай да беребиз деп аткан турбайбы. Кытайдан сурасак, Дүйнөлүк банктын берип аткан шарты менен деле бизге 20-30 жылга 1 млрд. долларды берип коюшу керек. Аны алыш үчүн биз кытайдын компаниясын подрядчик кылып алышыбыз керек. Ошондо гана кытайлар берет. Кыргыз-кытай темир жолун салабыз дегенде 2001-жылы кытайлар айткан, эгерде силер Кытайдын фирмасын подрядчик кылып алсанар курганга, биз 30 жылга 2 млрд. долларды беребиз, ошондо силер кыргыз-кытай жолун куруп аласынар деген. Алар 3 жылдын ичинде салып беребиз деген. Бирок анда биз жакшылап көңүл бурган эмеспиз.

Жанагы биргелешкен Борбордук Азиянын энерго системасы жөнүндө айтып коюш керек. Бакыт туура айтып атат, ошол Токтогул каскаддан чыккан бир линия Фрунзенский подстанцияга Чүйгө келип, экинчиси Датка деген биздин подстанцияга, Даткадан ары Лачин деген Өзбекстандын аймагына, андан ары Ташкен, Ташкенден Чимкент, Чимкенттен Тараз, Тараздан бери кайра Фрунзенский подстанцияга келип ушундай алкак түзүлгөн да. Биз электр энергияны ошол жакка переток кылып берип атпайбызбы. Башкача айтканда ошол эле биздин электр энергия менен Чимкент, Жамбулдар дагы кандайдыр бир бөлүгүн алат да. Себеби азыр Чимкентте дагы, Жамбулдун тегерегинде азыр электр энергия маселеси аябай оор. Ал жерде жетишпейт. Казактар дайыма эле бизден сурап алат. Эгерде өзбектер бул жактан биргелешкен энерго системадан чыкса, алар бизди эле кыйнап койбостон казактарды да кыйнап атпайбы.

«Азаттык»: - Өткөндө ушул боюнча казак өкмөтүндө чоң жыйын болду. Ошондо айтышты, Канат Бозунбаев деген бар экен Кебоктун башчысы дейт, ошол “биз даярбыз” дептир. Биз болгону сиз айткандай Масимов келип кеткенден кийин гана кыргыздарды колдоо үчүн биз Казакстан бирдиктүү энергетикалык системада туруп турабыз. Негизи Жамбул тарапта эч проблема болбойт деп айтыптыр. Менин айтайын дегеним мындай болуп атат. Жана сиз Кытайдын фирмасы келет деп атасыз, Камбар-Атага тыштан инвестиция тартыш керек деп атасыздар. Биздин «Азаттыктын» сайтына келген маалыматтарда чет элдиктерге сатуу, күрөөгө коюу дегенге эл өтө чочулоо менен мамиле кылып атышат.

Бул балким биздин жалпы психологиябызбы. Баткенден Баки деп өзүн тааныштырган окурманыбыз жазып атат: "ГЭСтерди жеке менчикке берип жатабыз, минтип отуруп баарынан кур калабыз. Эмне үчүн Орусиядан келген кредит жеке менчик фондго өтүш керек, эмне үчүн өкмөт түз бөлбөйт" дейт. Экинчи бир окурман Оштон: “ГЭСтерибиз кетип жатат, ГЭС менен кошо суубуз да кетет, суу бул өмүр” дейт. «Ак жол» партиясын аябай катуу сөздөр менен сындап атат. Ушундай пикирлер аябай көп. Мына Кыял аттуу окурман Оштон: «акжолчу» депутаттар качан болсо бийликтин буйругун аткарасынар, ушундан көрө депутаттык мандаты таштап кете бербейсиңерби” дейт. Ушундай пикирлер сизге эмнени айтып турат?

Бакыт Төрөбаев: - Биз «Ак жол» партиядан келип депутат болуп шайланганбыз. «Ак жолдун» өзүнүн программасы бар. Биз эң негизгиси Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүшүбүз керек. Бул жерде айтып атат биздин ГЭСтер кетип атат деп. Бул ГЭС курулса, аны ким алып кетет, казып алып кетеби аны.

«Азаттык»: -Сууну ким башкарса, келечекте ошол башкарат деген пикир айтылып атат.

Бакыт Төрөбаев: - Сууну мамлекет башкарат.

«Азаттык»: - Ошол укук сакталып калдыбы мамлекетте. Кандай механизм менен?

Б.Төрөбаев: - Өнүгүү фондуна келген 300 млн. доллар кредиттин ичинен 100 млн. доллар Камбар-Ата-2ге берилсин деп, бул жерде мыйзам менен келишпестик болгон. Азыр мыйзам менен дал келиш үчүн Камбар-Ата -1 менен 2 жөнүндө мыйзамды жокко чыгардык. Камбар-Ата-1 боюнча өзүңөр билесиздер, орусиялыктар менен келишим түзүлүп, ал жакта мыйзамдын негизинде аны бекитип койгонбуз. Камбар-Ата-2ни биз курушубуз керек.

«Азаттык»: - Ким башкарат, ким ээлейт деген маселе?

Б. Төрөбаев: - Бул жерде сатылат деген маселе жок да. Бул жерде Өнүгүү фонд өзүнүн мыйзамынын негизинде күрөөгө алыш үчүн ага да мыйзам керек да. Ошол жерде Камбар-Ата-1-2 мыйзамында күрөөгө берилбесин деген сөз бар. Күрөөгө алыш үчүн бул мыйзамды жокко чыгарыш керек. Күрөөгө алгандан кийин кредитти берет, кредит бергенден кийин курулат да.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, эмне үчүн бул акча, сессияда да айтылды, түз эле өкмөт аркылуу, же мүлк фондусу аркылуу кетпейт, же Экономиканы өнүктүрүү, же Өнөр жай, энергетика министрлиги аркылуу кетпейт, өзүнчө жеке фондго окшогон фонд аркылуу өтөт?

Б. Төрөбаев: - Бул фонд өкмөттүн карамагында, эмне үчүн дегенде, бул жерде 100 пайыз учредитель өкмөт. Мисалы сиз айтып атасыз, азыр бюджеттен кетсин, бул акча жок болуп кетиши мүмкүн деп. Бул жерде кредит сыяктуу берилип атат. Кайра келиш керек бул акча.

«Азаттык»: - Сиздер ишенесиздерби ошого?

Б. Төрөбаев: - Ишенебиз.

«Азаттык»: - Азыр эми кышка даярдык жөнүндө сөз болгондо, Өнөр жай энергетика министрлиги ачык эле айтты, быйыл дагы өчүрүүлөр болот, бирок былтыркыдай эмес, быйыл түнүчүндө гана 5 сааттын тегерегинде болот деди. Азыр Токтогул суу сактагычында 13 миллиардга жакын суу топтолду. Бул көлөм жетишсизби кыштан жарыкты өчүрбөй чыгууга?

Базарбай Мамбетов: - Токтогул суу сактагычындагы 13 млрд. куб суу көлөмү бизге жетиштүү эле. Биз быйыл кыштан электр энергия боюнча жакшы эле чыгышыбыз керек. Эми түндө өчүрүлүп атканда анча деле көп зыян келтирбейт экен. Ошонун баардыгы эле Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн көбүрөк кармап калалы, аркы жылкыга да керек да суу, ошого кылган аракеттер. Бирок мен экономист катары айтаар элем, ошондой түнкү өчүрүүнү деле токтотуп, андан көрө биздин бөлүштүрүүчү тармактагы чарбасыздыкты теске салуу керек. Мен кечээ эле айылдан келдим, мен айылдарга көп барам.

Ошол жерге барганда эле биринчи маселе, силердин электр энергия кандай болуп атат, элдер канча пайызын төлөп атат, канчасын төлөбөй атат, жергиликтүү подстанцияларды ким көзөмөлдөп атат, линияңар кандай деп сурай берем. Ушул убакка чейин, мына бул эми Акаевдин заманынан калган мурас болуп калды да. Акаев келгенден кийин эле распредкомпаниялардын, энергетика компаниялардын баардыгына профессионалдар эмес жаш балдарды кое берип, алар бул маселелердин баарын чыгарып жиберген. Азыр айылга барсаныз, бир да айылда же электромонтер, же болбосо электрик деген жок экен.

Бөлүштүрүүчү компаниянын өзүнүн кишиси жок. Жергиликтүү подстанция деп коет, ар бир айылда подстанциялардын баардыгы ачык турат, каалагандардын баары келип кошулуп атат. Линияларды эч ким караган жок. Жада калса дайыма электр энергияга төлөбөй жаткан керектөөчүлөр дагы бербей, столбага чыгып, зымын кесип койгонго алардын монтерлору жок. Ушул акыбалга алып келип койгон.

Бакыт айтып атпайбы, коммерциялык жоготуу деп, бул 38-40 пайызга жеткен, Борбордук Азияда мындай көрүнүш Кыргызстанда эле болгон. 14-15 пайыздан башка жоготуу болбош керек экен. Калгандарынын баарын элдер уурдап атат да. Ошого биз ээ боло албай жаткан үчүн биз муну жеке колго беребиз, жеке компанияларга беребиз деген сөздөр чыгып атпайбы. “Кыргызгазды” биздин өкмөт Орусиянын “Газпромуна” беребиз деген чечим кабыл алган да.

Мен ойлойм биз “Кыргызгазды” өзүбүз башкара албай жатканда, “Газпромго” берсек, алар бизге оңдоп берет эле. Эмне дегенде, “Газпром” 2006-жылы биздин нефтепродуктулар рыногуна келди да. 100 млн. доллар алып келип, ошону инвестиция кылып киргизип, азыр “Газпром” биздин рыноко келип аткан күйүүчү майлардын 80 пайызын берип атат. 96 пайыз биздин рыногубузду азыр Орусиядан алып келип атабыз. “Газпром” өзүн актады да. Эгерде “Газпромго” “Кыргызгазды” сатсак, өзгөчө шарт менен сатсак, сен алганда ушул проблемаларды бизге чечип бересиңби десе, “Газпром” чечет эле да.

Тилекке каршы, азыркы биздеги болуп аткан жагдайларды “Газпром” билип, эми былтыркы кабыл алынган чечимден булар артка кетип атат. Силердин “Кыргызгазынарды” биз алалбайт көрүнөбүз, азыр финансы кризисине байланыштырып ала албай турган көрүнөбүз деген сөздөрдү айтып жатат. Мен эл аралык эксперт катары алар менен байланыштамын. Бирок Бакыт абдан туура айтып атат, эгерде өзүбүздүн акчабыз жок болсо, өзүбүз башкаралбай атсак, Кабар-Ата ГЭСтерин Орусиянын кредити менен курганыбыз эң туура.

«Азаттык»: - Камбар-Атанын курулушу жөнүндө сөз болгондо, август айында Орусияда эң чоң ири ГЭСтеринин бири Саян-Шушен ГЭсинде чоң авария болду, бир трубинанын астында чоң авария болуп, 3-4 катары менен иштен чыгып, өтө чоң каражат менен араң калыбына келет деп атат. Камбар-Ата ГЭСин курууда канчалык курулуш жагындагы, сейсмикалык жагындагы талаптар канчалык деңгээлде аткарылып атат. Ушул кандай текшерилип атат? Парламент көзөмөл кылып, адистерди кошуп алып, комиссия түзүп алып сиздер барып карадыныздарбы?

Б.Төрөбаев: - Биз 2-3 жолу барып келдик, мен Камбар-Ата-2 курулушуна эки жолу бардым. Ошондо куруп аткан Нарынгидростройдун жетекчиси биздин жаныбызда эксперттер менен жүрүшкөн экен. Алар менен сүйлөшсөм, күнүгө бетонду кандай куруп атышат, арматуранын размерлерин кандай коюп атышат, ошонун баардыгын күнүгө текшеришет экен. Курулуш компания алардын уруксатысыз эч нерсе кылбайт экен.

«Азаттык»: - Долбоорду ким чийген?

Б.Төрөбаев: - Бул союздан калган долбоорлор.

Б.Мамбетов: - Өзбекстандын Ташгидропроект дегени жасаган экен Советтер Союзунун убагында.

«Азаттык»: - Электр энергиясына баа бир сомго чейин көтөрүлөт деген сөз бар. Ошол канчалык деңгээлде негиздүү, ошону эл көтөрө алабы?

Б.Мамбетов: - Азыр деле биздики 70 тыйын болуп атпайбы. Эми бир сомго көтөрсө 30 тыйынга көбөйөт экен, анча деле көп эмес деп ойлойм. Эмне дегенде биздин энергетика компаниялар баардыгы эле чыгашалуу болуп жатпайбы, тарифти көтөрүш керек экен. Бизге берип аткан кредиттер да ошону менен байланышкан экен да. Сиздер ылдыйкы тариф менен отуруп, карыздан 20-30 жылда да кутулалбайсынар деген да сөздөр бар.

Азыр биздики 70 тыйын болуп атканда бул эки центке жетпеген акча. Мына Казакстандын Астанасында бүгүн электр энергиянын тарифи 7 цент бир киловатт саатына, Алматыда алты, Ташкенде беш. Эң ылдыйкы бизде, биздики 2 центке жетпей атпайбы. Бирок бул кыргыз эли үчүн аябай жакшы нерсе деп ойлойм. Себеби бизде гидроресурстар көп. Ошондой кармап, анан шарт көтөрбөй, ошондой көтөрүш керек деген ойдомун. Аны баардыгы эле, эл аралык уюмдар да айтып атат, силер ылдыйкы тариф менен электр энергетика системасын көтөрө албайсынар, рентабилдүү кылалбайсыңар деген сөз бар, бул чын.

Б.Төрөбаев: - Бул жерде энергетиктер айтып атат бааны кымбаттатыш керек деп, биз рентабелдүү болбой атабыз деп. Мен энергетиктерге айтат элем, бааны кымбаттатпай эле жоготууларды азайткыла деп. Анан кийин дагы айтып кетким келип атат, суу бул келечектин саясаты. Камбар-Ата-1-2 болсо, ошондо саясат да болот.

«Азаттык»: - Сиз «Акжол» партиясынын мүчөсү катары айта аласыз, башкаруучу партия, бийликтин партиясы деп атабыз, ушул ГЭСтер курулса, суу башкаруусу кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин колунда калат деп?

Б.Төрөбаев: - Камбар-Ата-1-2 курулса биз башкара алабыз.

«Азаттык»: - Ушул оптимисттик маанайда биз көрсөтүүбүздү жыйынтыктайлы.

XS
SM
MD
LG