Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

“Матыбулакка” президент Каримов эмнеге келбеди?


Президенттер (солдон оңго экинчи) С. Саркисян, К. Бакиев(солдон үчүнчү), Н. Назарбаев(оңдон үчүнчү), Д. Медведев(оңдон экинчи), Э. Рахмон(оңдо биринчи) Казакстандын түштүгүндөгү аскерий машыгууда. 16-октябрь 2009-ж.
Президенттер (солдон оңго экинчи) С. Саркисян, К. Бакиев(солдон үчүнчү), Н. Назарбаев(оңдон үчүнчү), Д. Медведев(оңдон экинчи), Э. Рахмон(оңдо биринчи) Казакстандын түштүгүндөгү аскерий машыгууда. 16-октябрь 2009-ж.

Өткөн жума күнү Казакстандын Кыргызстанга ынапташ Жамбул дубанында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги аскерий машыгуусу аяктады.

15 күнгө созулган машыгууда жоокерлер Казакстанга капылет кол салган ири террорчул топторду кантип чогуу жок кылууну үйрөнүштү. Бул машыгуунун Кыргызстан үчүн мааниси жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму-ЖККУнун келечеги тууралуу Амирбек Азам уулу москвалык аскерий талдоочу Павел Фельгенгауерди сөзгө тарткан эле.
Жамааттык коопсуздук келишими уюму-ЖККУнун эмблемасы.


“Азаттык”: - Өткөн жумада Казакстандын Жамбул дубанындагы “Матыбулак” полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө беш өлкөнүн, анын ичинде кыргыз жоокерлери катышкан 15 күндүк аскерий машыгуу аяктады. 7 миң чукул аскер катышкан машыгууга Кыргызстандан 86, Тажикстандан үч гана жоокер барды. Аскерлик оюнга мындай аз сандагы жоокер жиберүү канчалык
Н. Назарбаев, Д. медведев, Э. Рахмон жана К. Бакиев ЖККУнун аскерий оюну учурунда пикир алмашууда. 16-октябрь.
деңгээлде пайдалуу?

П. Фельгенгауер: - Бул, арийне, символикалуу сандагы аскерлер машыгууга Россияга урмат-сый көрсөтүү үчүн гана жөнөтүлгөн. Анткени, Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУ жана жамааттык күчтөр-мунун баары Россиянын өзү башындагы аскерий союзду түзүүнү жана жамааттык күчтөрү болуусун көздөп ойлоп чыгарган идеясы. Бул күчтөр Россиянын артыкча кызыкчылыгы бар чөлкөмдөрдө тартипти сактоо максатында түзүлгөн.

“Азаттык”: - Кремль үчүн маанилүү “аскерий шеринеге” Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Белорустун президенти Александр Лукашенко барышкан жок. ЖККУнун 16-октябрда “Матыбулак” полигонунда өткөн көрсөтмө машыгууусуна бул эки президенттин, өзгөчө Лукашенконун барбай коюусун кандай баалайсыз?

П. Фельгенгауер: - Деги эле Белорус аскерлеринин аскерий оюндарга катышаары бүдөмүк болуп жаткан. Себеби Белорустун Конституциясы белорус аскерлеринин тыш өлкөлөрдө пайдаланууга тыюу салат. Эгер белорус аскерлери Казакстанга машыгууга жөнөтүлсө, символикалык сандагы гана аскерлер жиберилмек.

Анткени өлкө конституциясы өзгөртүлмөйүнчө, белорус аскерлери
Президент Ислам Каримов аялы Татьяна менен. 2005-ж.
бөтөн өлкөлөрдөгү аскерий машыгууларга катыша алышпайт. А президент Лукашенко азыр Конституцияны өзгөртүүнү каалабайт. Ошон үчүн башынан эле белорус ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн курамына кирери күмөндүү болчу. Өзбекстанга келсек, Ислам Каримов анын өлкөсү үчүн бул уюм ылайыксыз деп чечти.

Анан да Өзбекстан дайыма өзүн оолак тутуп, коңшулары менен да алакасы жакшы эмес болчу. Каримов жамааттык күчтөр тышкы агрессияга каршы түзүлүп жаткан жок, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү максатында түзүлгөн деп эсептейт. Азыр экс-советтик Борбор Азия өлкөлөрүнө тыштан кол салуу коркунучу
Армян армиясынын Тынчтыкты камсыздоочу атайын бригадасынын жоокерлери. 2009-ж.
байкалбайт. Ушул логикадан улам президент Каримов жамааттык коопсуздук келишими алкагындагы оюндарга өзбек аскерлерин катыштырбай коюну жөндүү деп тапты.

Армения да берегидей машыгууларга символикалуу түрдө гана катыша алат. Себеби Армения географиялык жактан камоодо турат. Армян аскерлери кайсы бир өлкөгө чыкса, аба жолдорун эле пайдаланат. Анткени Грузия жана Азербайжан өз территориясы аркылуу эч бир армян аскерин өткөрбөйт. Ошон үчүн Россиянын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишими уюму алкагында өткөрүлгөн аскерий оюндарга негизинен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан катышат. Азырынча Россиянын шымалана аракеттенгенине карабастан жамааттык күчтөрдү түзүү илең-салаң темп менен жүрүүдө.

Азаттык”: - “Коммерсант” гезитинин 14-октябрдагы санында ЖККУнун башкатчысы Николай Бордюжага шилтеп, аталган уюм менен Бириккен Улуттар уюму ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндөгү келишимге жакынкы айларда кол коюла турганы маалымдалды.
Тажик жоокерлер Россиянын 201-дивиязиясы менен чогуу аскерий машыгуу өткөрүүдө. Тажикстан. 18-октябрь 2002-ж.
Америкалык аскерий аналитик Рожер МакДермот буга байланыштуу жазган макаласында бул Москвага практикалык жактан пайдалуу, тактап айтканда, НАТОнун келечекте Чыгышты көздөй кеңейүүсүнө бөгөт койот деп боолгойт. БУУ менен ЖККУ кызматташа баштаса, Кыргызстандын аскерлери да ЖККУ чет өлкөлөрдө аткарган түрдүү операцияларга катышып, аскерий тажрыйбасы өсөт. Ошон үчүн бул келишим болочокто түзүлчү болсо, Кыргызстан үчүн да пайдалуу го...

П. Фельгенгауер: - Жамааттык коопсуздук келишими блок катары Улуттар Уюмунун тынчтык операцияларына катышпайт.
Ооганстан. НАТОнун Эларалык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү-ISAFтун курамындагы нидерландиялык жоокерлер Кандагардагы аскерий базада. 14-октябрь 2009-ж.
БУУнун тынчтык операцияларына Кыргызстан, Тажикстан эларалык уюмдун мүчөсү ирети - эгер Улуттар Уюму макулдук берсе - жеке өлкө катары өз аскерлерин дүйнөнүн түрдүү бөлүгүндө тынчтык миссиясын аткарууга жөнөтсө болот.

Азыр БУУнун тынчтык миссиясы Африкада бар. “Коммерсанттын” кабарына байланыштуу сөздүн ток этер жерин айтсам, Россия Жамааттык коопсуздук келишими уюмун эл аралык коомчулуктун, өзгөчө НАТОнун таануусуна өтө дилгир. Москва НАТОнун ЖККУ менен кызматташуусун каалайт. Бирок НАТО: “Биз Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген бардык өлкөлөр менен “Тынчтык үчүн кызматташуу” программасынын алкагында кызматташып жатабыз” деп, ЖККУ менен уюм катары иштешкенден баш тартып келатат.

Ырас, азыр бул көзкараш өзгөрдү. Таасирлүү америкалык саясат таануучу Збигнев Бзежинский жакында эле Москванын бул багыттагы сунушун жактап, “НАТО ЖККУ менен ырасмий түрдө кызматташа баштоосу керек” деди. Бзежинский бирок ал үчүн Москва НАТОго Иран жана Ооган проблемасында чындап көмөктөшө баштоосу зарыл экенин эскертти. Буга Батыш барабы же жокпу, азырынча түшүнүксүз.

Бирок НАТО Россия үстөмдүк кылган ЖККУ менен кызматташуусуна азыр мүмкүнчүлүк бар. Себеби Россия узак жылдардан бери ал үчүн далалат кылып жүрсө да, тилекке каршы, ийгиликке жетпеди. Москва ЖККУ Америка башындагы НАТО сыяктуу кубаттуу эл аралык уюм боло албаса да, алардын укуктары тең болбогон күндө дагы ЖККУ жок дегенде ырасмий түрдө НАТО менен бир катарда турушун каалайт.

XS
SM
MD
LG