Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

7-ноябрда ооган президенти кайра тандалат


Бириккен улуттар уюмунун даттанууларды иликтөө комиссиясы биринчи айлампада президент Хамид Карзай жетиштүү добуш албай калганын ырастагандан кийин, ооган борбордук шайлоо комиссиясы кечээ шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү чечимин чыгарды. Карзай буга макул экенин билдирди. Анын бул жообун дүйнөлүк лидерлер заматта колдоп чыгышты. Ооганстанда 20-августта президенттик шайлоо өтүп, анда президент Хамид Карзай жеңди деп айтылган эле. Бирок “массалык бурмалоолор болду” деген даттануулардан кийин 200дөн ашуун шайлоо бекетинде добуштар кайра саналган. Эми экинчи айлампада Карзай өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулло Абдулло менен президенттик кызмат үчүн таймашат.
XS
SM
MD
LG