Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Пакистанда бүгүн окуу жайлар жабылды


Жергиликтүү бийликтер мындай чечимди кечээ Исламабаддын жанындагы ислам университетинде болгон терракттан кийин кабыл алды. Жанкечтилер жасаган жардыруудан алардын өзүн кошкондо, сегиз киши каза тапты. Бул аралыкта Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстанда пакистан армиясы аймакты Талибандын жана “ал-Каиданын” базаларынан тазалоо үчүн кеңири масштабдагы операция өткөрүүдө. Армия командачылыгынын ырастоосунда, бүгүн бешинчи күнгө аяк баскан чабуулда 100дөй согушкер жок кылынды. Ага катар оң миңдеген тургундар уруш аймактарынан кетүүгө мажбур болгону да кабарланып жатат.

XS
SM
MD
LG