Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Ө.Текебаев: Президент Конституцияны бузду


“Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиев 20-октябрда “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинде төрагалык кылуу менен Конституциянын 45-беренесин бузганын билдирди. Анын айтымында, Конституциянын 45- беренесинин 3-бөлүгүндө президенттик кызматты аткаруу убагында мамлекет башчысы партияга мүчөлүгүн токтотот деп жазылган. Муну Конституциялык соттун чечими да тастыктаган. Бирок ага карай “Ак жол” партиясынын 20-октябрдагы жыйынына президент төрагалык кылды. Мына ошону менен Конституция бузулду. Чапчаң реформаларды бийлик өлкөнүн табийгий байлыктарын ээлеп алуу үчүн жүргүзүүдө. Ал эми реформалар ишке ашыш үчүн биринчи кезекте ак ниеттүүлүк керек. Бул азыркы бийликте жок, деп белгиледи Өмүрбек Текебаев. Данияр Үсөновдун премьер-министрликке бекитилгенине токтолгон Текебаев муну элдин пикирин сыйлабастык катары баалады. Анткени элдин ичинде Данияр Үсөнов тууралуу терс пикирлер алда качан эле калыптанган, деп эсептейт Текебаев.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG