Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр кайра жанданды


Вена шаарында, МАГАТЭ уюмунун башкеңсесинде өтүп жаткан сүйлөшүүлөр ушул дүйшөмбүдө башталып, бирок кечээ Иран кандай келишим болбосун уран байытуудан баш тартпай турганын айткандан кийин токтоп калган эле. Иран ошондой эле Францияны өзөктүк материалдар менен жабдуу боюнча мурдагы контракттарды өз алдынча өзгөрткөнү үчүн айыптап, ал сүйлөшүүдөн чыгарылуусу керектигин билдирген.

Венадагы жолугушууда АКШ, Франция, Орусия жана Ирандын өкүлдөрү Ирандын аз байытылган уранын өзөктүк реактордо колдонууга жарагыдай кылып, көбүрөөк байытыш үчүн Орусия менен Францияга жөнөтүү боюнча быйыл 1-октябрда жетишилген баштапкы макулдашуунун майда –чүйдөсүн тактоого аракеттенүүдө.

Мындай макулдашуу Иран байытылган урандын корун жашыруу түрдө өзөктүк курал жасоо үчүн колдонот деген тынчыздануусун басууга багытталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG