Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

АКШ вице- президенти Польшада жүрөт


Жо Байдендин Варшавадагы бүгүнкү сапары Польшаны АКШнын ракетадан коргонуу системасы боюнча пландан баш тартпагандыгына ынандыруу максатын көздөйт. Европадагы бул сапарынын алкагында АКШ вице- президенти Прагага да келет. Мурдагы президент Жорж Буштун администрациясы сунуш кылган кезде АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен катар Чехияда кабыл алууга макул болгон. Бирок азыркы президент Барак Обама Орусия катуу каршы чыккан ал планды токтотуп, АКШ ракетадан коргонуу боюнча башка ийкемдүү системага ээ болоорун жарыялаган эле. Вашингтондогу азыркы администрациянын чечими Варшава менен Прагада Орусия менен алаканы оңдоо алардын эсебинен ишке ашып жатабы деген тынчызданууларды жараткан.

XS
SM
MD
LG