Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Өзгөндө террорчулук боюнча айыпталгандардын соту жүрүүдө


Өзгөн райондук соту террордук уюмга катышы бар деп шектелген адамдардын ишин карап жатат. Төрт эркек, бир аял куралчан топторду уюштурган, террорчулук, бандиттик аракеттерди жасаган жана укук коргоо органынын өкүлүн өлтүргөн деп айыпталууда. Соттолуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Ал эми алардын тууган-уруктары жана айылдаштары судьядан бешөөнү тең бошотуп берүүнү талап кылышты. Ага улай жактоочулар жараянды алып барган Өзгөн райондук сотунун төрагасы Кушчубай Султановго ишенбөөчүлүк жарыялашты.

2009-жылы 27-июнда Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз куралчан топту кармоого аракеттенген. Тилекке каршы, экинчи тарап ок атып, граната жардырган. Операция убагында Өзбекстан ислам кыймылынын үч жоочусу жок кылынган, бирөөсү качып кутулган. Окуяга тиешеси бар делинген бешөөнүн үстүнөн төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG