Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Өкмөттүн жаңы түзүмүн үч фракция тең колдоду


“Ак жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында өкмөт башчылыкка Данияр Үсөновдун талапкерлиги 68 добуш менен жактырылгандан кийин президент өз жардыгы менен Данияр Үсөновду премьер-министрликке дайындады. Ушул эле күнү жаңы дайындалган өкмөт башчы Жогорку Кеңештин “Ак жол”, Коммунисттер, СДП фракциялары менен жолугушуп, өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштады. Ага ылайык жаңы түзүмдө 14 министрлик, 7 агенттик, 7 кызмат жана 2 фонд болоорун белгиледи. Өкмөттүн бул түзүмүн үч фракция тең колдоого алды.

Жаңы түзүмдү ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети да жактырды. Маселе эми бейшемби күнү парламенттин кароосуна коюлат. Түзүм бекитилгенден кийин өкмөт мүчөлөрү дайындала баштайт.(ES)

XS
SM
MD
LG