Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Польша АКШнын ракетадан коргонуу боюнча жаңы системасына кошулууга даяр


Бул тууралуу бүгүн поляк премьер- министри Дональд Туск Варшавада АКШнын вице-президенти Жо Байден менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, АКШнын ракетадан коргонуу боюнча конфигурациясы өзгөргөн жаңы системасы анын өлкөсү үчүн абдан кызыктуу жана Польша ага талап кылынган чен -өлчөмдө катышууга даяр.

АКШ президенти Барак Обама өткөн айда мурдагы администрациянын Польшада ракета кармоочу он жабдууну ал эми коңшу Чехияда радарды жайгаштыруу боюнча планын токтотконун жарыялап, ракетадан коргонуу боюнча жаңы долбоорду сунуш кылган эле.

Вашингтондогу азыркы администрациянын чечими Варшава менен Прагада АКШнын Орусия менен алаканы оңдоосу алардын эсебинен ишке ашабы деген тынчызданууларды жараткан. Анткени мурдагы президент Буш сунуш кылган планга Москва катуу каршы чыккан эле. Бүгүн Польшада болгон вице-президент Жо Байден АКШ ракетадан коргонуу боюнча пландан баш тартпагына ынандыруу үчүн эми алдыдагы жума күнү Чехияга да келет. Ал эми эртең Румынияда болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG