Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Ирандын ураны боюнча макулдашyyнун долбоору даяр


Бул тууралуу Венадан бүгүн Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик –МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл –Барадейи билдирди. Анын айтымында, ал Иранга жана дүйнөнүн ири үч өлкөсүнө Тегерандын өзөктүк программасы боюнча тынчызданууларды басууга жардам бере турган макулдашуу долбоорун тапшырды. Анда “ишеним орнотуу боюнча маанилүү чаралар” камтылган.

Мохаммед эл –Барадейи бул тууралуу бүгүн МАГАТЭнин баш кеңсесинде Иран, Франция, АКШ, Орусия катышкан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айтты.

Венадагы жолугушууда аталган тараптар Ирандын аз байытылган уранын өзөктүк реактордо колдонууга жарагыдай кылып, көбүрөөк байытыш үчүн Орусия менен Францияга жөнөтүү боюнча быйыл 1-октябрда жетишилген баштапкы макулдашуунун майда –чүйдөсүн тактоого аракеттеништи.

Мындай макулдашуу Батыш өлкөлөрүнүн Иран байытылган урандын корун жашыруу түрдө өзөктүк курал жасоо үчүн колдонот деген тынчыздануусун басууга багытталган.

XS
SM
MD
LG