Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Бүгүн парламент өкмөттүн жаңы структурасын карайт


Кечээ премьер-министрликке дайындалган Данияр Үсөнов Жогорку Кеңештин фракцияларында өкмөттүн жаңы структурасын талкуулаган. Жаңы түзүмдү үч фракция тең жактырган. Д. Үсөнов көпчүлүк министрлер өз ордунда калаарын, анткени мурунку өкмөт башчы жаман иштебегендигин билдирген. Бирок өзгөрүүлөр болуп жаңы адамдардын келерин айткан. 20-октябрда президент Курманбек Бакиев башкарууну өзгөртүү программасын жарыялаган. Ошол эле күнү Игорь Чудинов башында турган өкмөт толук курамы менен кызматтан чегинген. Айрым серепчилер жана оппозициялык күчтөр президент реформалоо аракети менен өзүнүн бийлигин чыңдап алды деп сындап чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG