Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Жогорку Кеңеш өкмөттүн структурасын бекитти


Премьер-министр Данияр Үсөнов 14 министрликти санап берди. Алар:

• Финансы министрлиги
• Юстиция министрлиги
• Коргоо министрлиги
• Ички иштер министрлиги
• Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
• Энергетика министрлиги
• Экономикалык тескөө министрлиги
• Айыл чарба министрлиги
• Жаратылыш ресурстары министрлиги
• Транспорт жана байланыш министрлиги
• Мамлекеттик мүлк министрлиги
• Саламаттык сактоо министрлиги
• Билим берүү жана илим министрлиги
• Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги.
Андан сырткары өкмөт структурасында премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр жана вице-премьер-министр-аппарат башчысынан турат.
Өкмөт алдында жети агенттик болот:
• Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги
• Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги
• Социалдык камсыздандыруу агенттиги
• Байланыш агенттиги
• Дене тарбия жана спорт агенттиги
• Архитектура жана курулуш агенттиги
• Маданият агенттиги
Мындан тышкары, Өкмөт алдында алты кызмат түзүлөт:
• Жаза аткаруу кызматы
• Чек ара кызматы
• Салык кызматы
• Бажы кызматы
• Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматы.
• Борбордук каттоо кызматы.
Буга чейин өкмөттүн курамында болот деген Финансылык чалгындоо кызматы президент алдында кала турган болду.
Эки фонд — мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түзүлдү.
Жогорку Кеңештин депутаттары сунушталган структураны 79 добуш менен кабыл алды. Андан кийин ал парламенттин токтому менен бекитилди. (AiT)

XS
SM
MD
LG