Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Социалдык жетимдерге үй-бүлөлүк тарбия зарыл


Кыргызстандагы интернаттардын санын кыскартуу зарылдыгы өлкөдөгү жетим калган, же ата-энеси бакпай койгон балдар тарбияланган үйлөрдүн ордуна үй-бүлө тибиндеги жайларды ачуу, аларды өнүктүрүү боюнча талкууда айтылды. Өкмөттүн аппаратынын балдарды коргоо секторунун башчысы Чолпон Калмурзаева чоң мекемелердин айрымдарын жоюп, кичи үй-бүлө шартындагы борборлорду тузүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда жетим балдарда тарибяланып жаткан балдардын 90 пайызга жакыны жок дегенде энеси же атасы бар балдар.

“Мамлекеттин саясаты боюнча бала үй-бүлөдө чоңоюш керек. Жок дегенде үй-бүлө шартында чоңойгону жакшы. Ал эми мамлекеттик үйлөрдө чоңойгон балдардын 80 пайызга жакыны кийин өзүнүн үй-бүлөсүн да кура албайт”, - дейт Ч.Калмурзаева.

Иш-чара Улуттар уюмунун Балдар укугу боюнча конвенциясынын жыйырма жылдыгына байланыштуу уюштурулган. Расмий маалыматка ылайык, 1990-жылдан 2008-жылга чейин өлкөдө социалдык жетимдер, же ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдар саны эки жүз пайызга өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG