Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Бишкекте балдарга арналган акция болот


“Ар бир бала бактылуу балалыкка татыктуу” деген аталыштагы акция Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы филармонияда өтөт. БУУнун өнүктүрүү программасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акциянын алкагында жакыр балдардын турмушун чагылдырган театралдашкан оюндар, концерт көрсөтүлөт. Мындан сырткары БУУнун өнүктүрүү программасынын долбооруна кирген мектеп, лицейлердин окуучуларынын колунан жасалган эмгектердин көргөзмөсү, кийимдердин коллекциясы көрсөтүлөт. Иш-чара Улуттар уюмунун Балдар укугу боюнча конвенциясынын жыйырма жылдыгына жана жакырчылык менен күрөшүү күнүнө каратат уюштурулуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG