Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Т.Сариев: Бүгүнкү дайындоолор президенттин чечими


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, министрликтер жана министрлер алмашканы менен система өзгөрөт деп айтуу азырынча эрте жана кыйын. “Президент бүгүнкү саясат мага жагат деп айтып келатат. Бүгүнкү дайындоолор да президенттин чечими деп ойлойм. Чоң өзгөрүүлөр болот деп коомчулук күткөн. Өзгөрүүлөрдүн аты аталды, ал эми иши кандай болорун убакыт көрсөтөт”, - дейт Темир Сариев. Партия жетекчиси оболу министрликтердин аталышын жана жетекчисин өзгөртөөрдөн мурда алардын иш максатын тактап, функцияларын өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG