Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Ооганстандагы НАТО күчтөрүнө жардам керек


НАТОнун коргоо министрлери Братиславадагы жыйында Ооганстандын келечегин талкуулашууда.

АКШ шериктерин урушка көбүрөөк аскер жиберүүгө үндөп келатат. Айрым кабарларга ылайык, америкалык күчтөрдүн Ооганстандагы кол башчысы генерал Стэнли Маккристал НАТО баштаган коалиция контингентин көбөйөтпөсө, ооган согушу майнапсыз болушу ыктымал деп эскертти.

Ооганстандагы талиптерге каршы аскерий операция башталганына 8 жыл болгону менен, өлкө кайрадан исламчыл террористтердин колуна өтүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы кол башчысы генерал Стэнли Маккристал президент Обамадан кошумча 40 миңдей аскер жиберүүнү өтүндү.

Америкалык контингенттин саны учурда 68 миң аскерди түзөт. Арийне, Вашингтондун европалык шериктери Ооганстандагы жоокерлеринин санын көбөйтүүгө анча дилгир эмес.

Талип козголоңчуларынан сырткары өлкөдөгү кырдаалга ички саясий туруксуздук да терс таасир тийгизүүдө. Апта башында президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүүлөрү дайын болду. 20-август күнкү добуш берүү бурмалоолор менен коштолгону көп айтылып келди.

НАТОнун Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бейшемби күнкү пресс-конференцияда Ооганстанда тийиштүү аракеттер көрүлбөсө, анын арты олуттуу болот деп эскертти:

- Ооганстанды ушундай абалда калтырып кетүү өлкөнү Ал-Кайиданын машыгуу аймагына айландырууга барабар. Атомдук куралга ээ болгон Пакистанга кысым күчөйт. Бейстабилдүүлүк Борбор Азия чөлкөмүн каптайт. Мунун бардыгын бара-бара биз да, европалыктар сезе баштайбыз.

Буга чейин Баш катчы НАТО Ооганстанда канчалык керек болсо, ошончолук убакытка калат деп айтып келген. Бирок согуш АКШда популярдуулугун жоготуп жатса, европалыктар НАТОнун эң жакынкы келечекте чегинишин каалашат.

Бир катар өлкөлөр Ооганстандагы аскерлерин кыскартуу же контингенттерин көбөйтпөө жөнүндө чечим кабыл алышкан. Жалгыз Британия гана жакында кошумча 500 жоокерин жөнөтүү ниетин жарыялады.

Мындай кырдаалда Түндүк альянс ооган армиясын жана полициясын машыктыруу иштерин күч алдырууну көздөөдө. Расмуссен бул максатка көбүрөөк каражат жана адистерди тартуу керектигин белгиледи:

- Бул жөнөкөй математика. Бүгүн көбүрөөк инвестиция салсак, эртеңки ишибиз оңой болот. Бирок акча бөлүп берүү да глобалдуу финансылык кризис маалында европалыктар үчүн оңой иш эмес. Анын үстүнө ошол эле машыктыруучуларды коргоо үчүн кошумча аскерлер талап кылынат.

Ооганстандын өзүнүн мамлекеттик түзүлүштөрү өлкөнү башкаруу үчүн өтө чабал болууда. Расмуссен НАТО кайра куруу жана өнүгүү иштерине бар аракетин жумшоого тийиш деп белгиледи.

Айрым сынчылар НАТОнун Ооганстан стратегиясына күмөн саноо менен карашат. 2008-жылы БУУнун Ооганстандагы өкүлү катары тандалып, бирок Кабулдун колдоосун ала албаган Пэдди Эшдоу британиялык Индепендент гезитинде 21-октябрда басылган макаласында Ооганстан борбордук бийликке эмес, уруулук структурага негизделген өлкө бойдон кала берүүдө деп жазат. Демек, НАТО жардамын Карзай өкмөтүнө эмес, жергиликтүү бийликтерге көбөйтүшү керек, - деген пикирде дипломат.

Өлкөдөгү туруксуздукка салым кошкон дагы бир фактор – бул мыйзамсыз апийим өндүрүү. Улуттар уюмунун соңку докладына ылайык, маң заттары соодасынан жылына түшкөн 65 миллиарддай доллар козголоңчуларды каржылоого жумшалат.




XS
SM
MD
LG