Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

МАГАТЭ бүгүн Ирандан жооп күтөт


Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиги (МАГАТЭ) Тегерандын өзөктүк программасы боюнча ага жана үч башка ири өлкөгө - Орусияга, Францияга жана АКШга - сунуш этилген келишимдин долбооруна расмий жообун күтөт. Ушул аптада БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен Иран Венада сүйлөшүп, натыйжада МАГАТЭ Ирандын уранын өзүндө эмес, чет-өлкөлөрдө байытуу боюнча келишимди сунуш кылган эле. Дүйнөлүк державалардын ишениминде, бул Ирандын өзөктүк куралды жасоо мүмкүнчүлүгүн чектейт. Батышта айрым мамлекеттер Тегеранды жашыруун түрдө атомдук бомба жасап жатат деп чочулашат. Иран муну четке кагып, ал уранды жайчылык максатта гана колдоноорун айтып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG