Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Жамааттык ММКнын маселелерине арналган жыйын өтөт


Борбор Азияда 25-ноябрда алгачкы ирээт өтө турган конференцияны ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы улуттук комиссиясы жана Талас шаарындагы “Радиомост” жамааттык үналгысы уюштурууда. Жыйын өлкөдөгү социалдык өнүктүрүүнү алга жылдырууда “массалык маалымат каражаттырындагы үчүнчү сектордун” ролун күчтөндүрүү максатын көздөйт. “ММКдагы үчүнчү сектор” - пайданы көздөбөгөн жана жергиликтүү жамааттарды тейлеген массалык медиага кирет. Алгачкы жамааттык үналгы станциялары 60 жыл мурда Түштүк Америкада түзүлгөн жана учурда мындай медиалар дүйнөнүн 125 өлкөсүндө бар. Борбор Азия өлкөлөрүндө алгачкы жамааттык үналгы - “Радиомост” - 2007-жылы Таласта ачылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG