Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Кыргызстанда БУУнун күнү белгиленет


24-октябрга карата Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана долбоорлору тууралуу отчет жөнөттү. Өкүлчүлүктүн отчетунда белгиленгендей, бул жылы негизги көңүл адам укугу тармагында билим берүүгө бурулду. БУУнун Башкы ассамблеясынын кабыл алган резолюцияга ылайык, 2009-жыл – Адам укугу жаатында билим берүү жылы деп жарыяланган. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн туруктуу координатору Нил Волкердин айтымында, 1992-жылдан бери уюм бир катар программаларды жана долбоолорду ишке ашырган.

БУУнун Кыргызстандагы программалары:

- БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН);
- Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы;
- Аялдардын кызыкчылыгын өркүндөтүү үчүн БУУнун кору (ЮНИФЕМ);
- БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча агенттиги (ЮНЕСКО);
- Маң зат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгы (ЮНОДК);
- Калкты жайгаштыруу жаатында БУУнун кору (ЮНФПА);
- БУУнун Балдар кору (ЮНИСЕФ);
- Качкындар иши боюнча БУУнун Жогорку комиссарлыгы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG