Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

ЮНЕСКОго доомат кат жиберилди


ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Жыпар Жекшеевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча кат уюмдун Париждеги штаб-квартирасына жөнөтүлдү. Анда Кыргызстан тарап “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизерден мурун, Манастын мекени болгон Кыргызстанга бир ооз кайрылбагандыгына нааразылык айтылган. Кат ээлери маданий мурастар тизмесине “Манас” эпосун киргизүү демилгесин биргелешип көтөрүүнү сунушташат. Ж. Жекшеевдин айтуусунда буга кытай тарап макулдугун берди. “Кытайдагы кыргыздар тарабынан мына ушундай демилге көтөрүлүп жаткандыгын биз колдойбуз, анткени “Манас” эпосунун мындан ары да сакталып калуусу үчүн алар чоң салым кошту, Кыргызстанда эпостун 6 томдугу араң чыккан учурда алар 18 томдугун чыгарып жетишкен,” дейт Жыпар Жекшеев.

“Манас” эпосун ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесине киргизүү тууралуу өтүнүч Кыргызстан тарабынан 2000-жылы уюмга жиберилген. Бирок уюм эпостун Кыргызстанда жок болуп кетүү коркунучу жоктугун белгилеп, аны каттоодон баш тарткан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG