Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

НАТО министрлери Ооган согушун талкуулады


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу альянстын алдында турган эң татаал маселе. Бул тууралуу баш катчы уюмдун коргоо министрлеринин Братиславадагы жыйынында билдирди. Расмуссен мүчө мамлекеттерди Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн көбүрөөк аракеттенүүгө үндөдү. АКШ аскерлеринин Ооганстандагы кол башчысы генерал Стэнли МакКристал айрым маселелер боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.

Генерал Вашингтон администрациясын Ооганстанга кошумча аскер жиберүүгө үндөгөн. Дания жана Голландиянын коргоо министрлери өз өлкөлөрүндө парламенттик шайлоо өтүп, легитимдүү өкмөт түзүлмөйүнчө жана Барак Обама жаңы стратегия боюнча чечим кабыл алмайынча, аскерлердин саны көбөйтүлбөйт деп айтышты. Ооганстанда учурда НАТОнун 68 миңдей жоокери бар, алардын 32 миңи америкалыктар. Андан тышкары АКШнын жеке командачылыгы астында америкалык дагы 36 миң аскер кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG