Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

АСЕАН адам укуктары комиссиясын түздү


Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн уюму – АСЕАН адам укуктарынын урматталышын көзөмөлдөй турган комиссия түздү. Аймактын 10 мамлекетин камтыган уюмдун саммити бүгүн Таиландда башталды. Аны ачып жатып, Таиланддын өкмөт башчысы Абхисит Ветчачива комиссия түзүү региондогу адам укуктарынын абалын жакшыртуу жолундагы маанилүү кадам деди. Бирок сынчылар адам укуктарын бузган Мьянма өңдүү өлкөлөрдү жазалоо үчүн комиссиянын ыйгарымдары жетиштүү эмес деп ырасташат. Жыйында соода жана климаттык өзгөрүүлөр өңдүү маселелер да каралмакчы. АСЕАНга Бруней, Камбожа, Индонезия, Лаос, Малайзия, Мьянма, Филиппиндер, Сингапур, Таиланд жана Вьетнам кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG