Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Франция президентинин уулу кызматтан баш тартты


Франция президенти Николя Саркозинин кичүү уулу өлкөнүн ири бизнес чөлкөмүн башкарган кеңешке мүчө болуп шайланды. Бейшембиде 23 жаштагы Жан Саркози кеңешке төрагалык кылуу талапкерлигинен баш тарткан. Мекеме Париждин четиндеги La Defense чөлкөмүндө жайгашкан кыймылсыз мүлктү көзөмөлдөө жана тескөө иштери менен алектенет. Жан Саркози ал “манипуляция жана жалган маалымат таркатуу” кампаниясынын бутасына айланганын айтып, “тууганчылык жөнүндөгү шектенүүлөргө” жем таштабоо үчүн талапкерликтен баш тартканын айтты.

XS
SM
MD
LG