Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Бишкекте “350” деген аталыштагы акция өттү


Бүгүн Бишкектеги тарых музейинин алдында климат кризисин алдын алууга багытталган “350” акциясы болду. Анда жаш активисттер алмадан жана эки жүзгө чукул акцияга келген адамдардан 350 санын курашып, аны бийиктиктен сүрөткө түшүрүштү. Ошондой эле ”InsideOut” жана “EastArt” уюмдары тарабынан 350 экологиялык темадагы фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү уюшулуп, калоочулар үчүн чуулгандуу “Аңкоолор кылымы” кино тасмасы көрсөтүлдү.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Улан Шабынов “Азаттыкка” “350” эми гана уюшуп жаткан бүткүл планеталык кыймыл экенин айтып, бүгүнкү акциядан кыргыз жаштарынын арасында климат кризисине кам санагандар арбын экенин билдирди. Бул акция 24-октябрда Кыргызстандан башка дагы 176 өлкөдө өттү.

“350” саны - бул жаратылыш жана тирүү жандыктар үчүн коркунуч туудурбаган атмосферадагы көмүртектин эң жеткен чеги, миллионго 350 бөлүкчө дегенди түшүндүрөт. Окумуштуулардын изилдөөлөрү учурда жер абасындагы көмүртктин көлөмү миллионго 387 бөлүкчөгө көтөрүлүп кеткенин көрсөткөн. Толугураак маалымат www.350.org (SA)

XS
SM
MD
LG