БУУ Тажикстанга ооган качкындары боюнча жардам керектигин эскертүүдө. Уюмдун Качкындар боюнча Дүйшөмбүдөгү кеңсесинин улук өкүлү Иля Тодоровичтин айтымында, Тажикстандан баш калканч издеген оогандардын саны быйыл эки эсеге көбөйүп, 5 миң кишиге жетиши мүмкүн. Ал эми келерки жылы бул көрсөткүч 7-8 миңге чыгышы ыктымал.