Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

Оштук журналисттер Алишер Саиповду эскеришти


Бүгүн өзбек тилдүү “Саясат” гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун Ош шаарында атып өлтүрүлгөнүнө толук эки жыл болду. Буга байланыштуу оштук журналисттер маркумдун үй-бүлөсүнө барып кабар алганча кесиптеши эскеришти.

Тиешелүү күч органдары журанлисттин өлүмүнө байланыштуу иштин бетин ачуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын, учурунда президент Бакиев аны жеке көзөмөлүнө алаарын билдиргени менен иштин бети ачыла элек.

Окуя боюнча учурда ар кыл божомолдор айтылып жүрөт. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүнө анын террордук делген Өзбекстандын Ислам кыймылы, Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" партиясы менен байланышы себеп болгондугу тууралуу билдирүү да тараткан. Ал эми Саиповдун жакындары, бир катар бейөкмөт уюмдардан тарта абройлуу эл аралык уюмдарга чейин журналисттин өлүмү анын кесиби менен түздөн-түз байланышта экенин жана кыргыз өкмөтү окуяны кылдат изилдеп, кылмыштын бети ачыларына үмүттөрүн билдиришкен.

26 жаштагы журналист Алишер Саипов эл аралык бир катар массалык маалымат каражаттары менен иштешип келген. Өмүрүнүн акыркы алты айында ал Ошто өзбек тилиндеги “Саясат” гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч макалалары менен Өзбекстан президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрда Ош шаарындагы кеңсесинин жанында Саиповду белгисиз бирөөлөр атып кеткен болчу. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG