Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Холбрук Ооган шайлоосу тартиптүү өтөөрүнө үмүттөнөт


- Бул жолу бир нече себептерден улам эреже бузуулар азыраак болот деп ойлойм. Биринчиден, бул ирет эки гана талапкер болот. Экинчиден, тажрыйба фактору бар. Үчүнчүдөн, эл аралык коомчулук, анын ичинде генерал МакКристалдын кол алдындагы аскерлер жаңы добуш берүүнүн ийгилигин кепилдөөгө даяр турушат, - деди АКШнын Ооганстан менен Пакистандагы атайын элчиси Ричард Холбрук Ак үйдөгү пресс-конференцияда.

Ал ошондой эле эгер келерки айда азыркы мамлекет башчысы Хамид Карзай жеңип алса, аны менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Хамид Карзай 20-августта мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулланы жеңип алган, бирок байкоочулар ал добуш берүүдө өтө эле көп эрежелер бузулгандыгын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG