Бажы кызматынын эсептөөлөрүнө караганда, жыл башынан тарта август айына чейин жүргөн тышкы сооданын көлөмү былтыркы жылдын ушул аралыгына салыштырмалуу 24,2 пайызга төмөндөп, 2 миллиард 643 миллион долларды түздү. Эсептөөгө жеңилдетилген негизде каттоодон өткөн жеке тараптардын да тышкы соода байланыштары киргизилди. (IJz)