Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Түндүк Кавказда оппозиция активистин атып кетишти


Кабардин-Балкар жумуриятында белгисиз бирөөлөр Ингушетия оппозициясынын активисти Макшарип Аушевди атып кетишти. Кол салгандар анын машинасына ок жаадырышкан. Аушевдин жанындагы бир аял оор жаракат алды. Хьюман Райтс уоч эл аралык укук коргоо уюмунун директор орун басары Татьяна Локшинанын айтымында, бул кылмыш Түндүк Кавказда зомбулук жазасыз калып жатканын дагы бир жолу айгинелейт. Июлда чечнестандык укук коргоочу Наталья Эстемирова киши колдуу болуп өлгөн. Августта ошол эле Чеченстанда бейөкмөт уюмун жетктеген Зарема Садуллаеваны белгисиз бирөөлөр күйөөсү менен кошо уурдап кетип, көздөрүн тазалашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG