Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Ошто студенттер митингге чыкты


Ош мамлекеттик университетининин алдында аталган окуу жайдын миңге чукул студенти нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар окуу жайдын жетекчилигинен келишим акысын төмөндөтүүнү, жатаканаларда шарттарды оңдоону талап кылышууда. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз Жанар Акаев митинг болуп жаткан жерден билдирди. Маалыматка караганда, учурда ОшМУнун 18 деканатында сабактагы студенттерди эшикке чыгарбай кармап турушат. Окуу жайдын администрациясы нааразылык билдирген студенттерди имараттын ичиндеги жыйындар өтүүчү жайда сүйлөшүүнү сунуштады. Бирок студенттер андан баш тартып, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругусуз келишим акы төрт миң сомго көбөйтүлгөнүнө нааразы болушууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG