Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Жогорку Кеңеш ушул аптадагы иш планын тактады


Бүгүн спикер Айтибай Тагаевдин төрагалыгында парламенттин Координациялык кеңеши кезектеги жыйынын өткөрүп, 29-30-октябрдагы отурумунун күн тартибинин долбоорун талкуулады. Анда 29-октябрда “Автомобиль транспорттору жөнүндө” (экинчи окууда), “Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекске” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, “Өрт коопсуздугу жөнүндө. Техникалык регламент” жана башка мыйзам долбоорлору каралат. Ал эми 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин отурумундагы “өкмөттүк күнү” калкты жана ишканаларды жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыздоо маселеси каралып, энергетика министри Ильс Давыдовдун доклады угулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG