Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

Түштүктө күйдүргүгө шектелгендер чыгып жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районундагы Кош-Терек айылынын эки тургуну күйдүргү илдетине чалдыккан деп шектелип, ооруканага жеткирилди. Учурда алар анализ тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатышат. Буга байланыштуу дагы 42 үй-бүлө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Айылда 3 медициналык топ үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG