Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ө.Текебаев реформага карата билдирүү таратты


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кыргызстандын президенти мамлекеттик бийликти менчиктештирди” деген аталыштагы билдирүү таратты. А. Акаевден К.Бакиевге чейинки мамлекеттик башкаруу “реформалары” деген бөлүгүндө Кыргызстан өз алдынча эгемен мамлекет болуп 1993-жылы 5-майда Конституция кабыл алгандан баштап негизги Баш мыйзам төрт жолу өзгөртүлгөндүгү белгиленген. 2005-жылы 24-марттагы ыңкылаптын чыгышына А.Акаев бир нече референдум өткөрүп, башкаруу системасын реформалоо менен президенттик бийликти күчтөндүрүп, бардык бийликти колго алгандыгы себеп болгондугу айтылат.

“Реформатор” Бакиев атайын параллель өкмөт, параллель (көмүскө) бүджет түзүүдө, деген бөлүмдө К.Бакиев жана анын тобу бийликке келгенде авторитардык-үй-бүлөлүк башкарууну жок кылам деген убадасынан тайганы жазылат. Тескерисинче К.Бакиев бийлигин ого бетер күчтөндүрүүгө аракет жасап Конституцияны төрт жылда төрт жолу өзгөртүп, үй-бүлөсү менен бийлик бутактарын колго алып, авторитардык системаны түзүүгө аракет жасап жатканы белгиленген.

Өмүрбек Текебаев Президенттик кеңештин түзүлүшүн сынга алып, парламент менен өкмөткө көзөмөлдөнбөгөн параллель бүджет түзүлөөрүн, президенттин бир администрациясынын ордуна бири-бирине көз карандысыз беш структура түзүлүп, параллель өкмөт пайда болорун айткан.

“Мурда экономикалык жана социалдык обьектилер менчиктештирилсе, бүгүн Курманбек Бакиев мамлекеттик бийликти менчиктештирүүгө ниет кылууда”,-деп жазылган билдирүүдө.

“Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү негизсиз экендигин, К.Бакиевдин башкаруу системасын реформалоосунун негизинде мамлекеттин өнүгүүсүнө натыйжа берүүчү өкмөттүн жаңы түзүмү куралгандыгын айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG