Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Бир катар мамлекеттик органдар өзгөртүлдү


Президенттин жарлыгына ылайык, бир катар кызматтар кайра түзүлдү. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик - Мамлекеттик кадр кызматы, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик - Мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы коррупцияны алдын алуу боюнча агенттик, Банктарды реорганизациялоо жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттик – Улуттук банктын алдындагы банктарды реорганизациялоо жана карыздарды ресструктуризациялоо агенттиги болуп өзгөрдү.
Ошондой эле Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча улуттук борбор жоюлду. Ош шаарын 2001-2010-жылдары социалдык экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча түзүлгөн Өкмөттүн алдындагы Координациялык кеңештин аткаруу дирекциясы да жоюла турган болду.(AzK)

XS
SM
MD
LG