Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Ооган БШКсынын башчысын кызматтан кетирүү чакырыгы айтылды


Бул чакырык менен президенттик кызматка ат салышып жаткан доктор Абдулло чыкты. 7-ноябрда Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт жана ага азыркы президент Хамид Карзай менен мурдагы Тышкы иштер министри Абдулло Абдулло катышат. Доктор Абдулло бүгүн Кабулдагы маалымат жыйынында “шайлоо ачык, акыйкат өтүшү үчүн негизги талаптарынын бири катары БШКнын жетекчиси кызматтан кетиши лаазым" экенин билдирди. 20-августта шайлоонун биринчи айлампасы добуштарды массалык түрдө бурмалоо менен өткөн эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG